Түркияда дагы бир ирет жардыруу болуп, 3 адам каза тапты

Бүгүн, 8-июнда түшкө маал Түркиянын Мардин шаарындагы Мидят районунда жардыруу болуп, анын кесепетинен 3 адам каза тапса, 30 адам жаракат алды. Чет элдик маалымат булактары каза болгондордун экөөсү полиция кызматкери экенин жазышууда. Айрым маалыматтарга караганда, белгисиз адамдар курал жүктөлгөн унаа менен аталган райондогу полиция имаратына чабуул коюшуп, жардыруу уюштурушкан.
7-июнда да Түркиянын Стамбул шаарынын Беязыт районунда жардыруу орун алып, андан полициянын 7 кызматкери жана шаар тургундарынан 4 киши набыт болуп, 36 адам жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Ошол үчүн ислам динин каралоого баардык аракетиер жасалып жатат. Бирок Кудайым исламды каралатпайт, канчалык аракет болбосун баары бир аягына чыгалбайт.