Бишкектеги өрттөн жабыркаган 12 адамдын дагы бири каза болду
Борбор калаадагы Достук кичи районундагы өрттөн жабыркаган 12 адамдын дагы бири бүгүн, 8-июнда саат 15:40 чамасында каза болду. Бул тууралуу SUPER'ге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.
Белгилүү болгондой, каза болгон жарандын денесинин 100 пайызы күйүп калган. 47 жаштагы жаран Баткен облусунун тургуну болгон.
Буга чейин газ ташыган унаалардан чыккан өрттөн жабыркагандардын ичинен 6 адам оор абалда келип, 7-июнь күнү 26 жаштагы жаран каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Озу да тушунбой калды окшойт, утур, чекити жок жазыптырго. Форумчуларга кандай тийешеси бар?