super.kg logo
  Саясат  

Осмонбек Артыкбаев, депутат: "Кумтөр" талашында кыргыз тараптын эл аралык соттон утуу мүмкүнчүлүгү канчалык экенин айта албайм"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев “Кумтөр” боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Центерра" компаниясынын талашы сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек деген пикирде. SUPER.KG порталына 9-июнда билдирген пикиринде депутат талаш жагдайлар эл аралык арбитражда каралып калса, өз кызыкчылыгын коргоого кыргыз мамлекетинин канчалык мүмкүнчүлүгү бар экенин айта албасын ырастады. "Муну мен айта албайм, сот чечет да. "Центерранын" кыргыз өкмөтүн сотко бергенин уга элекмин. "Центерра" кыргыз жеринде иштеген компания катары кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарын так аткарууга милдеттүү", - деди Артыбаев.

Эскерте кетсек, "Центерра" компаниясы "Кумтөр" долбоорунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу талаштар боюнча арбитраждык сотко доо арыз бергени жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирүү жөнөткөнүн 2016-жылдын 6-июнунда маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: