super.kg logo

Салык кызматы май айында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келген жарандар толтурган талондордон бузуулардын жаңы фактыларын таап чыкты

 

Мамлекеттик салык кызматы май айында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүү учурунда чарбалык субъекттер тарабынан толтурулган талондордон жетишсиз маалыматтар көрсөтүлүп толтурулганы боюнча жаңы фактыларды аныктады.

Алсак, "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунда (Талас облусунун Манас району) жана “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда (Чүй облусунун Ысык-Ата району) айрым ишкерлер талондорду толтуруп жатканда жүк жөнөтүүчүнүн, жүк алуучунун аты-жөнүн жана башка керектүү цифраларды туура эмес көрсөткөн же толук көрсөтүшкөн эмес.

С.Сейдалиев аттуу ишкер Ысык-Ата районундагы “Ак-Тилек” өткөрүү пункту аркылуу 19 700 килограмм май (идентификацияланбаган) алып өткөн, бирок талон толтурууда товардын наркын төмөндөтүп, 225 миң рубль суммасында көрсөткөн. Башкача айтканда, 1 килограмм майдын наркын сомго айландырганда 11,7 сомду гана түзүп калат. Ошондой эле ал тарабынан толтурулган талондо жүк жөнөтүүчүнүн ИСНи туура эмес көрсөтүлгөн.

Аламүдүн районундагы “Ак-Жол” өткөрүү пунктунда Ж.К.Төрөкулов аттуу ишкер талонду толтурууда ташып келе жаткан автомобилдин баасын көрсөткөн эмес. Ал эми дагы бир ишкер Л.Г.Силина биологиялык активдүү кошулмаларды алып өтүүдө юридикалык жактын дарегин жана жеке жактын аты-жөнүн көрсөткөн эмес. А.И.Карпов эмерек алып өтүүдө талонго юридикалык дарегин көрсөткөн эмес.

Ошондой эле түшүнүксүз толтурулган талондор аныкталды, анын кесепетинен толтуруучунун аты-жөнүн окууга мүмкүн болгон жок, андан башка маалыматтар да толтурулган эмес.

Ушул жана башка бузуу фактылары ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды ташып өтүүдө жарандар жана ишкерлер тарабынан толтурулган мамлекеттик көзөмөлдөн өтүү жөнүндө талондорду иштеп чыгуунун жүрүшүндө белгилүү болгон.

Салык кызматы эсепке алынбаган товарларды ташуу, алардын көлөмүн жана иш жүзүндөгү наркын азайтуу Кыргыз Республикасынын бюджетине кыйыр салыктардын келип түшүүсүнүн көлөмүнө терс таасирин тийгизип жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.06.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте, чек арадагы коррупция
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: