5-июнда сууга чөгүп кеткен аялдын жансыз денеси табылды
Кемин районунда 5-июнь күнү сууга чөгүп кеткен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кемин районундагы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 116-чакырымында 1963-жылы туулган аял сууга чөгүп кеткен. Кырсык болгон жерге куткаруучулар тобу келип издөө иштерин жүргүзүп, аялдын жансыз денеси табылып, сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.