"Борбор калаада шаар тургунун бир нече жолу атып, качып кеткен" деген шек менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

"Борбор калаада шаар тургунун бир нече жолу атып, качып кеткен" деген шек менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнь күнү Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын апрель айында борбор калаада 1986-жылы туулган А.Д. аттуу жаранды белгисиз жаран бир нече жолу атып, из жашырып кеткен. Иликтөө иштеринин алкагында кылмыш ишине шектелип уюшкан кылмыштуу топтун 1981-жылы туулган Ч.Ж. аттуу мүчөсү кармалды. Белгилүү болгондой, кармалган жаран кылмыш дүйнөсүндө Дөө деген каймана атка ээ.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.