КҮНСЕРЕП: Атамбаев “диний ишмерлер саясатка кийлигишпесин” деди
Бүгүн, 10-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
2010-жылы Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында болгон кандуу Июнь окуясынан бери 6 жыл өттү. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бул датага байланыштуу бүгүн өлкө элине кайрылуу жасады. Президент окуянын келип чыгышын “өчүрүлбөй калган чоктун тутанышы” деп атап, эркин жана көз карандысыз Кыргыз Республикасына жамандык санаган күчтөр Апрель революциясынан кийинки кырдаалды пайдаланышканын эскерди. Күлгө айланган шаар-кыштактарды калыбына келтирүүгө жалпы 14 миллиард сомдон ашык акча жумшалып, мунун 6 миллиардга жакыны республикалык бюджеттен бөлүнгөнүн айтты. “Кеп сарпталган акчада эмес. Ошол кезде мамлекетибизди чачырап жоголот деген "көсөмдөр" көп болгон. Биз, тескерисинче, бузулган үйлөрдү, мекемелерди калыбына келтирдик, адамдар арасында ондогон жылдар бою өкүм сүрүп келаткан ажырымды токтоттук”, - деди президент.
Бузулган шаарлар оңдолуп, урушкандар элдешип, бүгүнкү күндө чогуу түтүн булатып жатышат. Конфликттен кийин жашоону кадимки калыпка келтирүүгө көп күч, аракет, эмгек жумшалды. Элдин кайгысын, мамлекеттин чоң каражат бөлгөнүн пайдаланып капчыгын кампайткандар да болду. Июнь окуясынан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларында курулган үйлөрдүн сапатына нааразылар көп. Жаңы курулганына карабай дубалынан жарака кетип, чатырынан суу тамчылап жатканын Ош шаарынын тургундары соңку жылдарга чейин айтып келишти. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин иликтеген Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттык комиссиясы дирекциянын ишинде каржылык мыйзам бузуулар болгонун, 7 миллиард сомдун дайыны чыкпай жатканын ырастаган. Шаарларды оңдоого бөлүнгөн акчанын жарымынын дайыны чыкпай калышы “кыйналган элдин эсебинен айрымдар акча жасашты, үйлөрдү сапатсыз курушту” деген коомчулуктагы сындар жөндүү экенин далилдейт. Маселе убагында парламентте талкууланып, ошол кездеги премьер-министр, дирекциянын мурунку башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин кызматтан кетиши менен жыйынтыкталган. Тагыраагы, “Ата Мекен” фракциясы Сатыбалдиевге ишенбейбиз деп коалициялык курамдан чыгышы менен өкмөт башчы баштаган министрлер кабинети отставкага кетип, Жантөрө Сатыбалдиев ишсиз калган. Фактыны териштирүү милдети укук коргоо органдарына жүктөлгөн. Бирок кайсы бийликтин тушунда болбосун, борттон сыртта калбаган Жантөрө Сатыбалдиевдин “кол тийбестиги” дале сакталууда...
Президент өз кайрылуусунда элдин биримдигин чыңдоодо жарандардын улуту же дини эмес, жарандыгы маанилүү экенин айтып өлкөнүн ар бир жараны кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурасын билип “Мен кыргыз жаранымын!” деп айткан күнгө жетүү тилегин билдирди.
Элге кайрылуусунан кийин өлкө башчысы жума күнкү түшкү тыныгууну узартуу аракетинен улам чыккан чуунун башкы каарманы депутат Жанар Акаевди, муфтий Максат Токтомушевди, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нурматовду, блоггер Алия Суранованы жана көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаиловду кабыл алды. "Бардык иште аша чапкандык жарабайт. Диний догмаларды сокурлук менен ээрчүүнүн арты айрым араб өлкөлөрүн кандай кесепеттерге алып келгенин көрүп жатабыз. Мындай чакырыктар түптүз ИГИЛге жол ачат. Бай тарыхый мурасы, маданияты жана салттары бар кыргыз эли сырттан таңууланган жашоо образын, дүйнө таанымды ээрчип, мурасыбызды унутуп, маңкурт болууга акысы жок. Кыргыз мамлекетинде ар ким өз ой-пикирин ачык айтууга укуктуу, бирок диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө эч жол берүүгө болбойт", - деди Алмазбек Атамбаев.
Конституциянын кепили болуп саналган президент мындай сөздөрү менен баш көтөрө баштаган диний радикализмге эскертүү берип, эки жаатка бөлүнүп айтышып жаткан элди ынтымакка чакырып, мамлекеттик башкарууга динди аралаштыра баштаган депутаттарды “эсине келтирди”...
“Нарын суу-канал” ишканасынын 3 кызматкери 5 метр тереңдикте түтүктү оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда ыплас суудан чыккан газга ууланып каза тапты. Аларга жардам берүүгө түшкөн 2 жумушчу да ууланып "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. 30 жаштагы Талант Абдылдаев, Алмаз Өмүрзаков, 41 жаштагы Нурлан Дүйшөналиев каза таап, 31 жаштагы Жыргал Самсалиев менен 45 жаштагы Калыбек Усупов ооруканада жатат.
Акыркы жылдары Нарын шаарынын канализациясын жаңылоо иштери жанданган. 2015-жылдын 23-июлунда “Нарын шаарындагы канализация жана суу менен жабдуу системин реабилитациялоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Швейцария өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, долбоорду каржылоого 3,6 миллион евро өлчөмүндө грант каралган. “Нарын суу-канал” ишканасы 2017-жылга чейин шаар толугу менен заманбап технологиялар менен жабдылган суу жана канализация системи менен камсыздаларын билдирип келет. Нарын шаардык кеңеши 2015-жылы айлыктын аздыгынан улам “Суу-канал” ишканасынан кесипкөй адистер ишин таштап кетип жатканын билдирген. Маалыматка таянсак, ишканада слесарь-сантехник болуп иштегендердин айлыктары 4950 сом. Мындай айлык менен үй-бүлө эмес, адам жалгыз башын багуусу кыйын. Жумушсуздуктун же минтип эмгек акынын аздыгынан кесибин мыкты билген адистер аймактардан баш калаага, андан ары Орусияга кетип жатышат. Мигранттык агымды Орусияны каптаган кризис да токтото албай жатат...
кошулду


