Нарындагы канализациялык-насостук станциянын ичинде ыплас суудан чыккан газга ууланып каза болгон үч адамдын өлүмү боюнча териштирүү жүрүп жатат
Нарын шаарында 9-июнда саат 17:17 чамасында Бусурманкулов көчөсүндө жайгашкан канализациялык-насостук станциянын 5 метр тереңдигинде “Нарын суу-канал” ишканасынын 3 кызматкери тазалоо иштерин аткарып жаткан учурда ыплас суудан чыккан газга ууланып каза болгон. Учурда териштирүү иш-аракеттери жүргүзүлүп жатканын ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Кырсык коопсуздук эрежелеринин сакталбаганынан улам келип чыккан.
Алар менен канализациялык-насостук станциянын ичине түшкөн дагы 2 кызматкер ууланып, алар Нарын облустук ооруканасында жатышат. Учурда алардын абалы жакшы экендиги айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
kalima88

11.06.2016. 16:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алара деп жазылып калыптыр.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.