Евро-2016: Орусиянын фанаттары токмоктогон 2 англиялык күйөрман өлүм төшөгүндө жатат (фоторепортаж)













Францияда футбол боюнча Европа чемпиондугу кызуу өтүп жатат. Марсель шаарында 11-июнь күнү Орусия менен Англиянын күйөрмандарынын ортосунда бир канча массалык мушташтар орун алды. Баш аламан көрүнүшкө 200 орусиялык жаран катышкан. Англиянын күйөрмандарынын саны көп болгонуна карабай орусиялыктар "жеңишке жетишти".
Полиция кырдаалды көзөмөлдөөгө жетишпей калган көрүнүштөр да катталганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалым болгондой, полиция тарабынан 6 күйөрман кармалган.
Англиянын 2 күйөрманы токмоктолуп, оор абалда ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер аларды аман алып калуу аракетин көрүшүүдө.
Учурда Англия-Орусия курамасы беттешип жатат. Алгачкы таймда командалар эсепти ача алышкан жок (0:0).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
-2

2018 чемионат болсо биринчиден жанакы эле мигранттарды тазалайт
)))