Бишкекте газдын жарылуусунан күйүп ооруканада жаткандардын бешинчиси каза болду
Борбор калаанын Достук кичи районундагы газ ташыган унаанын жарылуусунан улам денеси күйүп ооруканада жаткандардын дагы бири көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, каза болгон жарандын денесинин 70 пайызы күйгөн. Учурда №4-оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан 6 адамдын бирөөсү гана калды. Анын денесинин 60 пайызы күйгөн.
Белгилей кетсек, жарылуудан жаракат алган 12 адам ооруканага жеткирилип, анын ичинен 6 адам оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

,1оону аман алып калгылачы. Жаны жаннаттан болсун!