super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлери депутаттардан сөз угушту

 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 13-июндагы отурумунда "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселе каралды. Жумушчу топтун маалыматын депутат Аида Исмаилова окуп берди. Анын айтымында, аталган мыйзам бузуулар менен аткарылат жана акча каражаты пайдалуу иштетилбейт.

Маалымат берилген соң депутаттар Наталья Никитенко жана Тазабек Акрамов экөө тең аталган жумушчу топтун мүчөлөрү экенин айтышып, бирок анын бир да отурумуна катышпаганын билдиришти. Алардын айтымында, жумушчу топтун баяндамасында мүчөлөрүнүн колдору болуш керек эле.

Депутаттар менен комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз макул болду. "Бул комитетпи же "Ош базарыбы"? Жумушчу топтун ар бир мүчөсү баяндамага кол коюшу керек эле. Алардын колдору жок болсо, маселе күн тартибине киргизилбеш керек эле. Маселе күн тартибине киргизилгени үчүн аппараттын өкүлдөрүнө менден эскертүү. Аппараттын кызматкерлери депутаттарды башкарып калгандай көрүнөт", - деп нааразы болду Шер-Нияз.

Жыйынтыгында депутаттар "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселени июль айына чейин кароону чечишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: