super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев: "Мамлекеттик маанилүү документтерди даярдоо мамлекеттин гана колунда болуш керек"

 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 13-июндагы жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев мамлекеттик типографияны түзүү зарылчылыгын белгиледи.

“17 миллион евро турган атайын жабдык сатып алып, аны иштетүү үчүн жабык акционердик коом түзүү зарыл. Анын курамына Мамлекеттик каттоо кызматынын “Инфоком” мамлекеттик ишканасы, Улуттук банк жана “Учкун” концерни кириши керек. Анткени корголуучу белгилери бар документтерди дал ошол тараптар чыгарууда ири буюртмачы. Казакстанда деле мындай тажрыйба бар. Алар жалпы буюртмалардын 80 пайызын өздөрү аткарарын айтып жатышат. Кыргыз мамлекети деле мезгилден артта калбашы керек. Эң биринчи кезекте бул мамлекеттик коопсуздукту камсыздоодогу маанилүү кадам болмок”, - дейт Сарпашев.

Депутат Аида Исмаилова мамлекеттик маанидеги документтерди инвентаризациялап чыгуу зарылчылыгын белгиледи. Өкмөткө 1 айлык убакыт берилди. Анда мамлекеттик документтердин тизмеси такталып, баасы эсептелип чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: