Ак-Суу районунда 100 гектар жер жана турак жайлар селден сакталып калды





Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунун Ак-Булуң айыл аймагында Түргөн суусунун деңгээли көтөрүлүп, жүздөгөн гектар айыл чарба жерлерин сел каптап кетүү коркунучу жаралган. Атайын алдын алуу жана кесепеттерди жоюу аракеттеринин натыйжасында 100 гектар үлүш жер жана турак жайлар сакталып калган.
"Ушул жылдын 24-мартынан 3-апрелине чейин 1000 чарчы метр жерди коргоо максатында аракеттер көрүлүп, жээктер бекемделип, жыйынтыгында калктын айыл чарба жерлерин сактап калдык", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
2

Элек кобойсо керек да:-):-):-)