super.kg logo

Бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнүнө карата жарандар кан тапшырышууда (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 14-июнда Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнүнө карата өлкө боюнча атайын иш-чаралар уюштурулган. Анда жарандар өз эрки менен кан тапшырышууда. Алгач донорлордун кан басымы, каны текшерилип, андан соң гана кан тапшырууга жиберилип жатат. Донорлордун арасында буга чейин дайыма кан тапшырып жүргөндөрү да, алгач ирет тапшырып жаткандары да бар. Кан тапшырган жарандарга чай, таттуулар жана атайын белектер берилди.

Бүгүнкү иш-чарага ырчы Аяна Касымова да келди. Ырчы тиешелүү кагаздарды толтуруп, кан басымын текшерткен соң дарыгерлердин кан тапшырууга болор же болбосун айтышарын күтүп жатканын айтты. Аяна Касымова алгач ирет кан тапшырганы келгенин жана кан тапшыруудан коркпой турганын белгиледи.

Ал эми Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев бүгүнкү иш-чара тууралуу буларга токтолду:

"Бүгүн биздин өлкөдө эле эмес, бүткүл дүйнөдө Кан донорлорунун күнү белгиленип, атайын акциялар уюштурулуп жатат. Акциянын алкагында жарандар кан тапшырышат. Кыргыз өлкөсүндө 1000 адамга 6-7 донор туура келет. Бул аябай аз, бирок биздин борбор бейтаптарга кан жеткиликтүү деңгээлде жеткирилишин көзөмөлдөп турат. Кан тапшыруу адамдын организмине пайдалуу, организмде жаш клеткалар пайда болот. Адамдан алынган кан кайра 24 саат ичинде толукталат. Андыктан ден соолугу чың адамдар 2 айда бир жолу тапшырып турушса болот".

Ал эми дайыма кан тапшырып турган кан донору Бекжан Агынаев мындай дейт: "Мен дайыма 2 айда бир кан тапшырып келем. Кан тапшырган күнү өзүмдү аябай сергек сезип калам. Ден соолукка пайдалуу болгондуктан, эч кандай коркуунун кереги жок".


кошулду





Жарандар өз эрки менен кан тапшырышты

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.06.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
отрицателный кан боюнча исфана шаарында донор барбы маалымат берип коюнуздар сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: