super.kg logo

Өгөй кызын бир нече ирет зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

 

Өгөй кызын зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылганын Жогорку Соттун маалымат кызматынан 14-июнда кабарлашты. Маалым болгондой, 1974-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылында туулган Нурлан Мамыев аттуу жаран 2000-жылы туулган өгөй кызын бир нече ирет зордуктаган. Ал 2014-жылдын 26-майында саат 13:30 чамасында Каракол шаарынын мектептеринин биринде окуган 2000-жылы туулган өгөй кызына мектептен чыккан убагында жолугуп, "Гүлбара эжеңден акча алып, уюлдук телефон сатып берем" деп алдап, андан ары сейил бакка алып барган. Ал жактан кыйкырбасын деп кыздын оозун басып, "эгерде кыймылдасаң, бирөөнө айтсаң өлтүрүп коём" деп коркутуп зордуктаган. "Бул тууралуу апаңа айтсаң, сени өлтүрүп коём, сураса "классташ кыздарым менен жүрдүм" деп кой, акча берип турам" деп алдап кетирип жиберген.

Соттолуучу Н.Мамыев кайрадан 2014-жылдын 12-июнунда өздөрү жашаган үйдүн чатырына алып чыгып, күч колдонуп зордуктаган. "Эгерде бирөөгө айтсаң, сиңдиңди да зордуктап салам" деп коркуткан. Мамыев Н.К. кайрадан эле 2014-жылдын ноябрь айынын аягында саат 13:30 чамасында өзүнүн үйүндө киши жоктугунан пайдаланып, каршылык көрсөткөнүнө карабастан зордуктаган.

2015-жылдын март айында А. кыздарын чай ичкиле деп үйгө чакырган, кыздар келип кеткенден кийин уюлдук телефону жок экенин көрүп, таппай койгон. Өгөй атасы анын телефонун алып мечитке кетип калган. Ыйлап жатып, апасы жумуштан келгенде чыдабай кетип болгон окуяны айтып салган. Эртеси милицияга барып арыз жазышкан.

Каракол шаардык сотунун өкүмү менен 2015-жылдын 21-октябрында Н.Мамыев "зордуктоо", "бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө" кылмыштар жыйындысы боюнча белгиленген жазаларды кошуу жолу менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Жогорудагы өкүм менен соттолуучу Н.Мамыев макул болбой апелляциялык тартипте доо арыз жазган.

Биринчи инстанциядагы сот тарабынан соттолуучу Н.К.Мамыевге жаза чектөөдө ага карата жеңилдетүүчү жана оордотуучу бардык жагдайларды эске алуу менен негиздүү, туура жаза чектелген жана соттолуучунун апелляциялык тартипте келтирген арызы канааттандырууга, өкүмдү өзгөртүүгө же болбосо жеңилдетүүгө негиз табылган жок деп соттук коллегия эсептейт.

Ысык-Көл облустук сотунун коллегиясы 2016-жылдын 6-майында Каракол шаардык сотунун 2015-жылдын 21-октябрындагы Н.Мамыев жөнүндөгү өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
14.06.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Bek95, Malik92, провокацияга жол жок!
14.06.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
жакшы кылыптыр,эми өзү өмүр боюу зордукталып өтөт.
14.06.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бар экенсинерго адалеттуу чечим болуптур, негизи эле биздин олкого олум жазасын киргизиш керек, именно ушуга окшогондорго
14.06.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
ОЗУ илгертен айтылган соз бар го..... Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба деген. Тооба кылдым ынсап берсин.
14.06.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
gul.1995, Бул жерде молдолор жонундо соз боло элекго
14.06.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
gul.1995, при чем тут молдо????
14.06.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Турмодо аркана чачыны кырып киргизишет. Прощай ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-14 13:53:31
14.06.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
mma_fighter, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болууну сунуштайбыз!
14.06.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах разы болсун соттогон сотко эн туура чечим
14.06.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мечитке кетип калып дейби.
14.06.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми бир омур мамлекет багат экен да))
14.06.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол камакта чирип жатсын
14.06.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жаза бул дуйнодогусу эле, эгер акыреттеги жазага салыштырсак ото женил болуп калат мунусу.
14.06.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир аз да болсо адилеттуулук пайда боло баштадыбы дейм да бизде.Акыркы кундору катуу жазаларды окуй баштадык.
15.06.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qnet, ооба сага кошулам, адилеттуу соттор пайда болуп баштадыбы дейм да.
15.06.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошто туулса Караколдо эмне кылып журот,,бар болгула Оштуктар,,,сооп болот турмодо чирисе экен туура чечим чыгарган,,,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: