super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев 2003-2004 жана 2009-жылдардагы "Кумтөр" келишимдеринин мыйзамдуулугун тергөөнү кайра жандандырууну тапшырды

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-июнда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды.

"Кумтөр" долбоору боюнча жаңы жагдайлардын ачылышына байланыштуу президент Башкы прокуратурага ири алтын кенди иштетүүгө байланышкан коррупциялык фактылар, башка мыйзам бузуулар боюнча жазык иштеринин алкагында 2003-2004-жылдардагы жана 2009-жылдагы макулдашуулардын мыйзамдуу түзүлгөнүн кайра кароону тапшырды. 2003-2004-жылдардагы "Кумтөр" долбоорун кайра түзүү маселеси, жаңы жагдайларды эске алганда,такыр башкача өңүттөн көрүнөрү, ошол мезгилде "Центерра" компаниясында кыргыз тараптын үлүшү аныкталган, эл ичинде үлүш жасалма жол менен төмөндөтүлгөнү тууралуу пикир жаралганы белгиленет маалыматта.

Алмазбек Атамбаев калыс тергөөнү камсыз кылуунун маанисине токтолуу менен катар көрүлүп жаткан чаралар тууралуу коомчулукту өз маалында кабардар кылып туруунун зарылдыгын белгиледи. Анткени бул жазык иштер көпчүлүктүн көңүл борборунда турат. "Кыргыз Республикасынын сыймыгы жана эң ири инвестициялык долбоору болуп кала турган "Кумтөр", тескерисинче, эмне себептен эл арасында “эң ири алдамчылык”, “эки үй бүлөлүк-кландык режим үчүн жемкордук акыр” жана кыргыз өлкөсүнүн улуттук кызыкчылыктарына саткынчылык катары кабыл алынганын адамдар билүүгө тийиш", - деди өлкө башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: