super.kg logo

Ысык-Көлдө "өз айылдашына бычак сайган" деген шек менен 47 жаштагы жаран колго түштү

 

"Өз айылдашынын көкүрөк тушуна бычак сайган" деген шек менен Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургуну кармалды. 14-июнда ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, 13-июнь күнү саат 9:30 чамасында Жети-Өгүз РИИБинин нөөмөт бөлүмчөсүнө райондук оорукананын хирургия бөлүмүнөн Саруу айылынын 52 жаштагы И.Сейитбек аттуу тургуну бычактан жаракат алып түшкөндүгү жөнүндө кабар келген. Бул маалыматтын негизинде ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча Жол-патрулдук милициясынын кенже инспектору С.Үсөнбаев өзүнүн экипажы менен кылмышка шектүү адамды издөө боюнча аракеттерди көрүп, кылмыш бетин изи сууй электе ачууга үлгүрүшөт. Кылмышка шектүү катары жабырлануучунун айылдашы, мурда соттолбогон 47 жаштагы К.Канат кармалып, андан далил зат катары маки алынды.

Бул факт боюнча чогулган материалдар Жети-Өгүз РИИБинин тергөө кызматына юридикалык баа берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: