Өзгөндө Тико унаасынын мас абалдагы айдоочусу 3 жаш баланы сүзүп кетип, 1 бала ошол жерден каза болду

12-июнь күнү саат 14:30дар чамасында Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында Тико унаасынын мас абалдагы айдоочусу унаасын башкара албай, жол четинде ойноп жаткан 6, 7 жаштагы 3 баланы сүзүп кетти. Алардын экөө кыз, бирөө эркек бала болгон. Эркек бала кырсык катталган жерден каза болуп калганын окуянын күбөсү SUPER.KG'ге кабарлады. "Эки кыз оор абалда Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген. Бирөөсүнүн абалы туруктуу болсо, экинчиси жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда", - деди күбө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Калган экөөнө сакайып кетишин каалайм!!!