super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин регламентине түзөтүүлөр киргизилүүдө

 

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Жыйында мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири Галина Скрипкина баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун концепциясы Жогорку Кеңештин регламентинин айрым ченемдерин иш жүзүндө практикага ылайык келтирүүгө, калыптанган практиканы эске алуу менен парламенттин иштөө жол-жобосун өркүндөтүүгө, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып жаткан мыйзамдардын жана чечимдердин сапатын жогорулатууга жана башкаларга багытталган.

Долбоордо Жогорку Кеңештин убактылуу комиссияларынын түзүлүшү, мыйзам долбоорун каттоо, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоо, мыйзамдардын долбоорлорун кароонун жалпы талаптары, "өкмөттүк саатты" жана "өкмөттүк күндү" даярдоо жана өткөрүү мөөнөттөрү сындуу маселелерге түзөтүүлөр каралган.

Талкууда бир катар депутаттар Жогорку Кеңештин регламенти түзөтүүлөргө муктаж экенин белгилеп, мыйзам долбоорун колдоого алуу менен сунуш-пикирлерин ортого салышты. Эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлер мыйзам долбоорун 2-окууда каралганга чейин тармактык комитетте эске алынмай болду.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: