super.kg logo

Кочкор районунун Көк-Жар айылында Жоон-Арык суусу дамбаны жырып кетти

 

Кочкор районунун Көк-Жар айыл аймагындагы Көк-Жар айылынын күн чыгыш тарабындагы Жоон-Арык суусунун нормадан көп келиши айылды тосуп турган дамбанын 3 метр жерин жырып, айылды суу каптоо коркунучу жаралган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 16-июнда кабарлады.

"Айылдын баш жагындагы суу ташып кетүү коркунучу бар тилкеге ӨКМнын Кочкор райондук бөлүмү тарабынан 200 даана кап бөлүнүп берилип, жээк бекемдөө иштерин аткаруу боюнча айыл аймак башчысына тапшырма коюлду. Жоон-Арык суусунун Кочкор-Чаек унаажолунун түндүк тарабындагы 12 түтүн сарайлар жайгашкан “Короцех” тилкесине кеткен ички жолдун жээктерин суу жырып, жолду жана айдоо аянттарын суу каптоо коркунучу жаралууда", - деп айтылат маалыматта.

Аталган участкада өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү кырсыктын алдын алуу жумуштарына жетекчилик кылып, уюштуруу иштерин алып барганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.06.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Рахмат жардамга кап эле берип койушканбы
16.06.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BARSBEK.KG,кулкулуу жанылык бир жагынан кап бергенине шугур жакшы чым берип койбоптур )
16.06.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жырып эмес жарып же ташып кочуруп кетти десе болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: