super.kg logo
  Саясат  

"CASA-1000" долбоору курууга жумшалган каражатты 15 жыл аралыгында актоого тийиш

 

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууларды (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун ("CASA-1000") ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөт “Датка” көмөк чордонунан Тажикстандын “Худжент” көмөк чордонуна чейин, андан ары Кабул (Ооганстан) шаары аркылуу өтүп Пешавардагы (Пакистан) өзгөртүүчү станциясына чейин электр линиясын куруу менен "CASA-1000" долбоору ишке ашырыларын билдирүүдө. Долбоорго ылайык, линия боюнча электр энергиясын экспорттоону Кыргыз Республикасы менен Тажикстанда электр энергиясы ашыкча, ал эми Пакистан менен Ооганстанда электр энергиясы тартыш болуучу жай мезгилинде гана (майдан тартып сентябрга чейин) ишке ашыруу пландалууда.

Макулдашуунун негизинде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы кыргыз өлкөсүнө 45 миллион доллар өлчөмүндө кредиттик жана гранттык каражаттарды берет. Насыя 0,75 пайыздык үстөгү менен 40 жылдык мөөнөткө берилет, алгачкы 10 жыл жеңилдетилген мезгил болуп саналат.

Европа инвестициялык банкы өлкөгө 70 миллион евро, Ислам өнүктүрүү банкы 1,5 пайыздуу үстөгү, 7 жыл жеңилдетилген мезгили менен 25 жылдык мөөнөткө 50 миллион долларга барабар 33,3 миллион ислам динары өлчөмүндө каражат бөлөрү айтылды.

"CASA-1000" долбоорун ишке ашырууда республикалык бюджеттен кошумча каражат каралбайт, жогоруда аталган эл аралык каржы уюмдары тарабынан берилүүчү 233 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат гана жумшалат. "CASA-1000" долбоору боюнча чет өлкөлөргө электр кубаты орто эсеп менен 9 центтен сатыла турганы белгилүү болду. Ошондон улам, алдын ала болжолго караганда, ал өзүн 15 жыл аралыгында актоого тийиш.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 12-майында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан өкмөт башчыларынын катышуусунда Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун расмий башталуу аземи болуп өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: