"7-Апрель окуясы боюнча соттолгондор жаза мөөнөтүн өтөп бүтүшсө да камакта отурушат" дейт депутат

"7-Апрель окуясы боюнча соттолгондор жаза мөөнөтүн өтөп бүтүшсө да камакта отурушат". Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтыкбек Шайназаров соттолгон 4 адамдын жактоочуларына таянып билдирди.
Анын айтымында, Апрель окуясы боюнча айыпталгандар Эльмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Алмаз Жолдошалиев, Каныбек Жороев Аскер сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылышкан. "Алардын СИЗОдо жаткан ар бир күнү колониядагы 2 күн катары эсептелгендиктен, алар эркиндикке чыгарылышы керек. Тиешелүү мекемелер мыйзамга ылайык иш алып баруулары зарыл",- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
4

