Бишкек шаарында операция жасоо үчүн 18 миң сом пара алып жаткан дарыгер кармалды

Бишкек шаарында операция жасоо үчүн 18 миң сом пара алып жаткан дарыгер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-июнда шаар тургуну дарыгердин акча талап кылып жатканы тууралуу арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган. ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен Октябрь районунун прокуратурасы биргеликте ыкчам иликтөө аракетин жүргүзүп, дарыгерди 18 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармашкан.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, дарыгер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Бул жерде жөн эле келишип алса болмок экен , врач жасаган операциясына жараша, ооруп жаткан адам көрсөтүлгөн жардамга жараша дегендей. Тиги операцияны жасаган башка врач да тезирээк кетирейин деп жасайт эми.
Улутук банктын төрагасы 120000 сом.
Жардамчысы 108000 сом
Ар кимиң өзүңүн айыкканыңа жараша, врачтын эмгегин баалап берсеңер болот. Бул жерде азыр бербеш керек деп так секиргениңер , бекер болуш керек дегендер кайсы кесипте иштейсиңер жаза кетсеңер болмок. Мына мен хххххххх, бекер иштейм деп.