super.kg logo
  Саясат  

Качкындар менен иштөө тартиби жөнүндө жобого түзөтүүлөр киргизилүүдө

 

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Аталган маселе боюнча депутат Алмазбек Баатырбеков баяндама жасады.

Мыйзам долбоору “качкындар деп таануу жөнүндө өтүнүч кылган адамдардын шашылыш жапырт келиши” жөнүндө түшүнүгүн киргизүү жана качкындар менен иштөө тартибин, алардын келүү орундарын жана аларды кармоо шарттарын аныктоо боюнча өкмөттүн укуктук мыйзам чыгаруусун шарттоо максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасындагы качкындар менен иштөө жөнүндө жобого тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Тагыраак айтканда, качкындардын келүү жайлары жана аларды кармоо шарттары боюнча, ошондой эле качкын макамын берүү жөнүндө өтүнүч билдирген Кыргыз Республикасынын аймагына шашылыш жапырт келген адамдардын жана ушул учурда мамлекеттик органдардын иштөө тартиби боюнча ченемдери жободо каралуусу мерчемделет.

2-окуудагы талкууда депутат Экмат Байбакпаев качкындардын жапырт келишинде аларга каржылануучу каражат булагына кызыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлүнүн айтымында, аталган жагдайга ар жылы республикалык бюджеттен каражат караларын, мындан сырткары эл аралык уюмдардан каражат бөлүнө тургандыгын билдирди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: