super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар парламенттик шайлоодо жарандардын биометрикалык маалыматтарынын базасына 1,5 миллион долларды кайсы партия сунуштаганына кызыгышууда

 

"Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев парламенттик шайлоодо 1,5 миллион долларды кайсы партия сунуштаганын айтып бериши керек". Мындай талабын бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Дастан Жумабеков билдирди.

"Фракциялардын биринин жыйынында Сарпашев парламенттик шайлоодо бир партия жарандардын биометрикалык маалыматтарынын базасына кирүү үчүн 1,5 миллион доллар сунуштаганы тууралуу айтып берген экен. Бирок кайсы партия экенин айтпаптыр. Пара берүү кылмыш да. Ошол партия жазага тартылсын. Сарпашев партиянын аталышын айтышы керек", - деп талап койду Жумабеков.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын 10-июндагы көчмө жыйынында Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнүн тутуму каралып жаткан. Анын жүрүшүндө депутат Өмүрбек Бабанов маалыматтар базасын бекем сактоо керектигин айткан. "Билл Гейтстин "Майкрософт" программасын бузуп жатышса, ири банктардын базаларына кирип акча уурдап жатышса, өлкөбүздүн жарандарынын маалымат базасына эч ким кире албайт деген кепилдик жок", - деген Бабанов.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Т.Сарпашев 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо систем туруктуулук бергенин айтып, бир партия шайлоону эскиче өткөрүш үчүн 1,5 миллион доллар сунуштаганын маалымдаган. "Бул партиянын аталышын атабай эле коёюн. Ал учурда парламентте. Партия акчаны өзүнүн пайдасы үчүн эмес, шайлоонун эски схема менен өтүүсү үчүн сунуштаган дешти. Бирок колунан келген жок. Систем туруктуулук бере алды", - деп билдирген Сарпашев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: