Таласта "100 миң сомго бааланган жылкыны уурдады" деп шектелип кармалган жаран 11 жылга эркинен ажыратылды

"Таласта 100 миң сомго бааланган жылкыны уурдады" деп шектелип кармалган жаран 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү М.Р. аттуу жаран "2015-жылдын 18-апрель күнү саат 14:00дөр чамасында А.Н. аттуу жабырлануучунун базар баасында 100 миң сомго бааланган жылкысын уурдап кеткен" деп шектелип кармалган. Маалым болгондой, келтирилген зыян тергөө учурунда ээсине төлөнүп берилген. Мындан тышкары шектүүнүн жанынан 55,9 грамм салмактагы баңгизат табылган.
Кара-Буура райондук соту бирөөнүн мүлкүн уурдап кеткендигин аныктап, күнөөлүү деп тапкан. Жыйынтыгында кылмышка шектүү 11 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

100мин сомдук ат уурдаган адам 11 жылга
100мин доллар талап кылып алган Нарымбаев 3 жылга, Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган анында соту буткучо эле коркмазовдун срогу бутуп койо берип койду акыйкатты микроскоп менен издесенда таппайсында кыскасы!