Таш-Көмүр шаарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ош-Бишкек жолу убактылуу жабылып калды





Таш-Көмүр шаарында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, Ош-Бишкек жолу убактылуу жабылып калды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-июнда саат 21:20 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ош-Бишкек унаа жолун сел калдыктары тосуп калган. Унаа жолдун 430-435-чакырымдарында 7 жерден сел агып, калдыктары жол каттамын тосуп калган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери аткарылып, 17-июнда саат 01:30 чамасында жол бир тараптуу ачылган. Учурда каттамды кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
admin_portal

17.06.2016. 12:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Xanbiyken, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу суроо, сунуш, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
miki-84

17.06.2016. 15:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеч мен ошол жерде элем мчске чалсам атын ким канча машина бар дейтко
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.