super.kg logo

Чүй облусундагы катуу шамалдын кесепеттери такталууда

 

Чүй облусундагы катуу шамалдын кесепеттери такталып жатканын 17-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, 15-июнь күнү саат 20:05 чамасында Токмок шаарында ылдамдыгы секундасына 29 метрге жеткен шамал катталган.

Алдын ала алынган маалымат боюнча:

Охотничий-Ибраимов (мурунку М.Горький) көчөсүндө Тойота Марк 2 үлгүсүндөгү унаанын үстүнө бир бак кулап түшкөн. Зелёная көчөсүндөгү №276-үйдүн жанында жайгашкан трансформаторго бак кулап, жараксыз абалга келтирген, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Ломоносов көчөсүндөгү №118-үйгө бак кулап, 10 даана шиферин сындырган.

Мындан сырткары 16-июнь күнү ӨКМнын Токмок шаардык бөлүмүнө шамалдын кесепетинен үйдүн шиферлери сынганы тууралуу 15 жаран кайрылган. Жарандык коргонуу комиссиясы түшкөн арыздар боюнча текшерүү жүргүзүп, азыркы учурда 124 шифер учкандыгы аныкталган. Түшкөн арыздар боюнча комиссия тарабынан текшерүү иштери 17-июнь күнү дагы улантылат.

Калк арасында жабыр тарткандар жок. Азыркы учурда шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча
иш-чаралар жүргүзүлүүдө жана келтирилген чыгым такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: