ӨКМ: Талас облусунда кооптуу болгон суу жээктерин бекемдөө иштери улантылууда







Талас облусунда кооптуу болгон суу жээктерин бекемдөө иштери улантылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 16-июнда Талас дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, сууга жакын жайгашкан турак жайлардын короолорун жана жер төлөлөрүн суу каптаган. Көпүрөлөрдү алып кетүү коркунучу жаралган. Кырсыктын алдын алып, жээктерди бекемдөөгө кубаттуу техникалар тартылган. Ага кошумча Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жалпы 220 адам иш жүргүзүүдө.
Учурда Таластын Ак-Дөбө, Кызыл-Сай айыл аймагында, ошондой эле мамлекеттик маанидеги Талас-Бакай-Ата унаа жолунда абал кооптуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.