Бишкекте 6 жолу сот жообуна тартылган адам "кайрадан кылмыш жасады" деп шектелип кармалды

Бишкекте 6 жолу сот жообуна тартылган адам "кайрадан кылмыш жасады" деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын З.К. аттуу тургуну 5-майда арыз менен кайрылып, кымбат баадагы телефонун жана 7 миң сом акчасын уурдатканын айткан. Ыкчам иликтөө аракеттеринин алкагында 28 жаштагы, мурда 6 жолу соттолгон З.Д. аттуу жаран кармалды.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

сыноолорду башынан откоруп, бирок ал нерселерден сабак алалбагандык (Кыргыз ойчулу)