super.kg logo
  Саясат  

Кожобек Рыспаев: "ЖМКлар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдүн гезиттер менен радиолорго тийиштиги жок"

 

"Телеканалдардын ээлери Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш. Ал эми гезиттер менен радиолорго жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдүн эч кандай тийиштиги болбойт", - деп билдирди депутат Кожобек Рыспаев. Депутат бардык өлкөлөр өзүнүн медиа мейкиндигин коргой турганын, мамлекетибиз маалымат технологияларынын жардамы менен террорчул акцияларды сынай турган жайдак аянтча болбошу керектигин айтат.

"Баарыбыз маалыматтын күчү, маалымат согуштары тууралуу айтып келатабыз. Мыйзам долбоорунда телекөрсөтүү тууралуу гана сөз болуп жатат, анткени ал азыр эң таасирдүү күч. Социологиялык сурамжылоолорго ылайык, телекөрсөтүүнүн таасир этүү үлүшү азыр 90 пайыздан ашат. Биздин долбоор бир гана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Террорчулардын колунан эмне иш келерин, аларды колдогон түзүмдөрдүн канчалык бай экенин баарыбыз көрүп жатабыз. Бир эмес, бир канча телеканалдарды сатып алуу аларга кыйын эмес. Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалыматы боюнча, бүгүнкүгө карата кабелдик берүүлөргө 19 лицензия берилди. Бул ар бир пакетте 200дөн канал болсо, алардын саны оңой эле 4 миң телеканалдан ашып кетет дегендик. Ошондуктан телеберүүлөрдүн ээлери өз элинин алдында жоопкерчилигин сезет деп ишенишибиз керек", - дейт Рыспаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: