Кара-Суу районунда "жаңы төрөлгөн ымыркайын талаага таштап кетти" деп шектелип 17 жаштагы кыз кармалды
Ош облусунун Кара-Суу районунда эгин талаасынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Ички иштер министрлигинин билдиришинче, 14-июнда саат 22:00 чамасында Кара-Суу райондук милициясына талаага белгисиз бирөөлөр ымыркай таштап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө кызматкерлери менен "Тез жардам" кызматкерлери барышып, жаңы төрөлгөн кызды табышкан. Таштанды ымыркайды ошол айылда жакында төрөгөн айымга эмизгени алып кетишкен.
Факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, эртеси күнү Ош шаарынан жашы жете элек кыз кармалганы белгилүү болду. Кылмышка шектелип жаткан 17 жаштагы кыз аталган райондогу айылдардын биринин тургуну. 9-класстан кийин окубай мектептен чыгып кеткени айтылат маалыматта. Анын ата-энеси кызынын кош бойлуу экенин билишпегенин айтышууда. Учурда ымыркай ооруканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

мунун да козун кыйалбай
тууп койдум уялбай
дегенден болуптурда
Өткөөл курагыңарда ата-энеңердин жанынан чыкпай эле отурсаңар эмне..
Өзү бала боло туруп, балалуу болуу деген эмнеси..
Бирок кыз ото уят нерсе кылыптыр
Тууган -уругунун бетине кеткис ТАК! !!
Тообо тообо тообо