Cузакта "10 жашар баланы зордуктап жүргөн" деп шектелип 58 жаштагы мечит имамы кармалды
Cузак районунда "10 жашар баланы зордуктап жүргөн" деп шектелип 58 жаштагы жаран кармалды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, 18-июнда милицияга жабырлануучунун апасы арыз менен кайрылган. Апасы айылдагы мечиттин имамы жаш баланы 2016-жылдын май айынан бери зордуктап жүргөнүн айтууда. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, козголгон кылмыш ишинин негизинде териштирүү иштери жүрүүдө. Шектүү жаран Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Ооба ар бир пендеде кемчилик болот жана ката кетирет,бирок молдолор ыймандуу болуп суттон таза дегендер коргулочу кылыгын молдонун,эми ойлонгула
Ар бир селде оронгон эле периште эмес
Ар бир намаз окубаган адам эле ыймансыз эмес!
Пидофил африкада да пидофил.
Пидофил ким болсо да пидофил боюнча калат. Имам болуп жакшы көрүнүп жүрүп, акыры билинип калды. Бул нерсеге Чубак ажыны да, Исламды да кошпогула туугандар .