super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Адам телевизордон Жогорку Кеңештин жыйындарын эртеден кечке чейин көрбөй иштеш керек"

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында "Пирамида" медиа-холдингине парламенттин бюджетинен 2 миллион сом көлөмүндө акча каражат бөлүү маселеси каралды.

Аталган холдингдин башчысы Нурзада Токтогулованын айтымында, телеканалга техникалык жабдуулар жетишсиз болуп жатат. "Ар шаршемби жана бейшемби күндөрү Жогорку Кеңештин жалпы жыйындары түз эфирде көрсөтүлөт. Мындан улам каналдын көрүүчүлөрүнүн саны өсүүдө", - деди Токтогулова.

Депутат Мурадыл Мадеминов Жогорку Кеңештин бардык жыйындарын түз эфирде көрсөтүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтты. "Эртеден кечке чейин Жогорку Кеңештин жыйындарын телевизор аркылуу көрүүгө бош убактысы бар адам ким экен? Телевизор көрүүнүн ордуна адам иштеш керек. Кечинде жаңылыктарды көргөнгө жарым сааттай эле убакыт жетишет. Жыйындар ансыз деле радио аркылуу берилип жатпайбы", - деди Мадеминов.

Депутат Таабалды Тиллаев түз эфирде бир гана Жогорку Кеңештин эмес, министрлердин да ишмердүүлүгүн көрсөтүүнү сунуштады.

Комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиевдин айтымында, парламенттин жыйындарын түз эфирде көрсөтүү бул Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугунун көрсөткүчү.

Талкуунун жыйынтыгында комитет "Пирамида" медиа-холдингине 2 миллион сом бөлүү демилгесин колдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: