super.kg logo

Жол кырсыгына кабылып, баса албай калган 29 жаштагы Абдыкалык Маматовго байланышкан соттук отурум кийинкиге калтырылды

 

Жол кырсыгына кабылып, баса албай калган 29 жаштагы Абдыкалык Маматовго байланышкан соттук отурум кийинкиге калтырылды. Бул тууралуу Абдыкалык Маматов өзү 20-июнда SUPER.KG'ге билдирди.

Анын айтымында, отурумга күбө катары чакырылган "Айгүн Иншаат" курулуш компаниясынын башчысы Айгүн Раюф, "Ала-Тоо", "Кайнар", "Барашек" ресторандарынын кожоюну Бакыт Ишенбек уулу жана Асел Алиева келбей калды.

"Буга чейин ооруканада жатканымда мага айыпталып жаткан тараптын Рустам аттуу жактоочусу келип, "биз сага 500 миң сом акча беребиз, сен бизге тосмо арыз жазып бер" деп айткан. Эми ал акчадан дагы дайын жок", - деп билдирди Абдыкалык Маматов.

"Сотко менин майып болуп, баспай калышыма айыпталып жаткан айдоочу В.Кравченко жана алардын жактоочусу катышууда. Бирок күбө катарында суралуучулар келбей жатышат. Менин түшүнүгүм боюнча, соттук процессти атайын создуктуруп жатышат, анткени алар иштин кыскарышын каалашат", - деп кошумчалады Маматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.06.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сиз тарапта болсун
20.06.2016. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотту сатып алып жатабы ?
Акчасын алып дарыланып алыңыз да, алардан алыс болуңуз.
Ийгилик !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: