super.kg logo

Жалал-Абад шаарында "колу-бутун байлап, унаасын сатып, качып кеткен" деп шектелип кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды

 

Жалал-Абад шаарында "колу-бутун байлап, унаасын сатып, качып кеткен" деп шектелип кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда "балам дайынсыз жоголду" деген арыз менен Сузак районунун Р.А. тургуну милицияга кайрылган. Ыкчам иликтөө аракеттеринин алкагында шектүү катары кылмыштуу топтун эки мүчөсү Бишкек шаарынан кармалган. Кармалган жарандар Сузак районунун тургундары болгон.

"1993-жылы туулган Сузак районунун А.А. аттуу жашоочусу Жалал-Абад шаарына барып келүү үчүн чыгып, кылмыштуу топтун балдарына кармалган. Алар жабырлануучунун колу-бутун байлап, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарына алып барган. Унааны ошол жерден сатып жиберишкен. Жабырлануучу качып кутулган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Кылмыш ишине шектелип кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги териштирилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
20.06.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тан калам ушундай немелерге! Озу ак эмгеги менен эле иштесе болбойбу? Созсуз эле бироону тонош керекпи? Же ачкадан олуп баратабы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: