super.kg logo
  Саясат  

"Күнөөсүз адам камакка алынгандыгы үчүн тергөөчү менен анын жетекчисин жоопкерчиликке тартыш керек" дейт депутат

 

"Адам күнөөсү жок эле камакка алынгандыгы үчүн тергөөчүнү гана эмес, күч органынын жетекчисин да жоопкерчиликке тартыш керек". Мындай пикирин бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жарандарды кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын жыйынтыктоочу отурумунда депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

"СИЗОдо 3 күн эмес эле 3 саат отуруу күнөөсүз адам үчүн өтө жаман. Мындан улам милицияга, күч органдарына ишенбөөчүлүк жаралат. Мыйзамсыз кармоо боюнча күнөөлүүлөр жоопко тартылыш керек, мындан ары күнөөсүз адамдарды камакка отургузууну токтотуу зарыл", - деди Алтыбаева.

Айта кетсек, 2015-жылы козголгон 75 кылмыш иши боюнча жоопкерчиликке тартылган 111 адам акталган. 2014-жылы 106 кылмыш иши боюнча кармалган 173 адам акталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: