Ысык-Көлдө 7-апрель окуясына карата "Эл эрендерин унутпайт" аттуу эскерүү иш-чарасы болот
7-апрель күнү Ысык-Көл облусунда 7-апрель окуясында курман болгон баатырларды эскерүү аземи болот. “Эл эрендерин унутпайт” деп аталган эскерүү кечеси Каракол шаарындагы “Жеңиш” сейил багында өтөт. Иш-чараны Каракол шаардык мэриясы уюштурууда. Анда курман болгон баатырларга багышталып куран окулуп, окуяны чагылдырган сахна көрүнүштөрү коюлат. Ошондой эле окуяда курман болгон жана жараат алган жарандардын үй-бүлөсүнө акчалай жардам берилет. Маалыматка ылайык, бул каргашада Каракол шаарында 1 адам каза болуп, 1 адам жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

