Бишкек шаарында "400 миң сомдук зер буюмдарды алдоо жолу менен алып кеткен" деп шектелип шаар тургуну кармалды

Бишкек шаарында "400 миң сомдук зер буюмдарды алдоо жолу менен алып кеткен" деп шектелип шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Борбор калаанын 41 жаштагы Ш.М. аттуу тургуну "Дордой" соода базарынан чала тааныш адам алдоо жолу менен 400 миң сомдук зер буюмдарымды алып, бербей жүрөт" деген арыз менен милицияга кайрылган.
Иликтөө иш-аракеттеринин негизинде кылмыш ишине шектелип 1959-жылы туулган К.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.