super.kg logo

Жогорку Сот Туризм департаментинин мурунку директору Максат Чакиевди камактан бошотту

 

Жогорку Сот Туризм департаментинин мурунку директору Максат Чакиевди камактан бошотту. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Жогорку Сотто Максат Чакиевдин иши каралган. Анда соттук коллегия Максат Чакиевди 350-берене (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) боюнча актап, камактан бошотту. Ал эми 314-берене (пара берүү) боюнча айыптуу деп табылып, 500 миң сом айып пул салынды.

Айта кетсек, 2015-жылдын 28-май күнү Максат Чакиев 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Ал эми 30-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 2 айга камакка алган. 2016-жылдын 29-мартында Бишкек шаардык соту аны 3 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.06.2016. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул пара мн кармалгандар уч жылдан ашык соттолбойу
21.06.2016. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 жылдык моонотту 2 айда бутуруп чыкканына караганда Соттун да оозун майласа керекда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: