Нарында айдоочу унаасын оңдоп жатып рама менен дөңгөлөктүн ортосуна кыпчылып каза тапты
Нарында айдоочу оор жүк ташуучу унаасын оңдоп жатып рама менен дөңгөлөктүн ортосуна кыпчылып каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 21-июнь күнү Ат-Башы айылында болгон. Анда 1973-жылы туулган Бактыбек Сагалиев Рено Магнум үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын оңдоп жатып рама менен дөңгөлөктүн ортосуна кыпчылып калган. Анын кесепетинен айдоочу ошол жерден каза тапкан. Куткаруучулар жансыз денесин алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.