Жогорку Сот Аскер сотунун 7-Апрель окуялары боюнча күнөөлүүлөргө мунапыс берүү чечимин карайт
27-июнда Жогорку Сот 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялары боюнча ишти карайт. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, прокуратура Аскер сотунун 7-Апрель боюнча соттолгондорго карата чыгарган чечимине макул болбой Жогорку Сотко кайрылган.
Айта кетсек, 23-майда Аскер соту Апрель окуясы боюнча соттолгон Нурлан Турсункулов, Алмазбек Жолдошалиев, Каныбек Жороев, Эльмурза Сатыбалдиев, Мурат Суталинов, Нурлан Темирбаев жана Данияр Дунгановго карата мунапыс кабыл алган.
Прокуратура кызмат учурунда кылмыш кылгандарга карата мунапыс кабыл алынбай тургандыктан, Аскер сотунун чечими мыйзамсыз экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.