super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: “Азыр өкмөт өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктады”

 

"Өкмөт өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктады. Алар: мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын камсыз кылуу, экономиканы ырааттуу өнүктүрүү, экспорттун көлөмүн өстүрүү, жеке жана мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүү". Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү сунушу каралып жатканда билдирди.

Премьер-министр министрликтер менен ведомстволордун ишин анализдеп көрүп, жогорудагы программаны ырааттуу ишке ашыруу максатында өкмөттүн түзүмүнө айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү туура деп тапкандыгын билдирди. “Ошондуктан өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу, айыл чарбасы, электрондук башкаруу чөйрөсүндө активдүү саясатты жүргүзүү талабы келип чыкты”, - дейт ал.

Сооронбай Жээнбеков өлкө экономикасында орун алган кырдаалга, Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагында болуп жаткан кескин өзгөрүүлөргө, дүйнөлүк экономикадагы каржы каатчылыгына ылайык ыкчам аракеттерди көрүү максатында өкмөттүн түзүмүнө өзгөртүүлөр сунушталып жатканын баса белгиледи. Ал экономикалык өнүгүүгө таасири чоң, ири тармактарды координациялап, алардын ишмердигин бир ыргакта алып баруу үчүн өнөр жайга, энергетикага жана жер казынасын иштетүүгө өзгөчө көңүл буруу керек болуп жатканын кошумчалады.

Премьер-министрдин айтымында, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталууда:

Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин базасында Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;

Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана өкмөттүн Электрондук башкаруу борборунун базасында Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен кеңейтүү менен аны Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги катары кайра түзүү;

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коммуникация функциялары Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине өткөрүп берилгендигине байланыштуу аны Транспорт жана жолдор министрлиги катары өзгөртүп түзүү.

Ал өз сөзүн сунушталган өзгөртүүлөр аткаруу бийлигинин штаттык санын көбөйтпөйт экенин жана бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбай турганын белгилөө менен жыйынтыктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: