super.kg logo

SUPER.KG 10 жашта!

 

21-кылымда интернет гүлдөп-өнүгүп, күнүмдүк тиричилик, маалымат алуу мурункудан кыйла жеңилдеди. Ага чейин элдер музыка угуу үчүн магнитофонго, клип көрүү же маалымат алуу үчүн сыналгыга муктаж эле. Ал эми ой бөлүшүп, көөдөнүндөгү сырды бирөөгө айтып берүү үчүн ишенимдүү дос же ак кагаз менен калем жардамга чакырылчу. Ошондой күндөрдө ишке кирген SUPER.KG порталына быйыл 10 жыл болду. Портал бул аралыкта кассета түргөндөргө музыка табууну, музыкалык берүүнү саргара күткөндөргө клип көрүүнү жеңилдетти. Көйгөйү же айта турган ою барлардын пикирин бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түзүп, форум ишке киргизилди. Ошондой эле колдонуучулардын ыкчам кабар алып туруусун шарттап, "Соңку кабар" бөлүмү ачылды. Учурда порталдын колдонуучулары бармак башын кыймылдатуу менен гана маалымат алышат, клип көрүшөт, музыка угушат. Порталдын 10 жылдыгына карата урунттуу даталарга токтолмокчубуз...

Кыргыз жеринде ийгиликке жетишкен сайттардын айрымдары жаңылыктарга, кай бирлери
видеобаяндарга, дагы бири форумга басым жасап келет. SUPER.KG порталы болсо бардык тармактын "башын бириктирип", колдонуучуларына уникалдуу шарт түзгөн. Биздин сүйүктүү окурмандарыбыз бир эле учурда порталыбыздан форумга катышып, видео, тасма көрүп, жаңылык окуп, ыр угуп, көптөгөн кызыктуу маалыматтарды ала алышат.

2006-жыл. 28-март. SUPER.KG порталы иштеп баштады. Алгач анда "Супер-Инфо" гезитинин электрондук версиясы жайгаштырылчу. Чет жерде жашап, окуп, гезит сатып ала албаган кыргыз жарандарына бул көктөн издегени жерден табылгандай болгон. Ошол жылдын 29-декабрында сайтта "Суперстан" иштей баштаган. Кыргыз тилиндеги форум жаштардын ой бөлүшүүсүн шарттап, чет жерде жашаган кыргыз жарандарынын өз ара алакасын камсыздады.

2008-жыл. 23-апрель. SUPER.KG порталы "Медиа-портал" менен толукталган. Бул маалда кыргыз эстрадасында жаңы жылдыздар пайда болуп, көп ырлар жазылып, байма-бай клиптер тартылып баштаган. Албетте, анын баары порталга жайгаштырылган.

2008-жыл. 21-октябрь. "Медиа-порталда" популярдуу клиптердин СуперХит сынагы старт алган. Ушул эле жылы "Супер ТВ" бөлүмү иштеп баштаган. Бул бөлүмдүн кызматкерлери эксклюзивдүү видеобаяндарды, пайдалуу кеңештерди сунуштап, өнөрпоз, саясатчы, спортчулардан баштап түрдүү кесип ээлерине микрофон сунуп келишет.

2010-жыл. 24-апрель. "Медиа-порталда" "Элдик видео" бөлүмү ачылды. Бул бөлүмдө ар бир колдонуучу өзү каалаган видеолорду жүктөп келет.

2011-жыл. 28-июнь. Порталда "Жылнаама" бөлүмү ишке кирди. Анда дүйнөдө жана кыргыз жеринде, жакынкы жана алыскы тарыхтагы урунттуу окуялардын күндөрү, атактуулардын туулган жана каза тапкан күндөрү так көрсөтүлгөн.

2011-жыл. 26-октябрь. Порталдын колдонуучулары окуп, көрүп, комментарий жазып гана тим болбостон, ойноо мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту. Бул күнү "Оюндар" бөлүмү ишке кирди. Мезгилдин өтүшү менен порталда кызыктар арбып баратты.

2012-жыл. 17-апрель. Акырындык менен мобилдик интернетке суроо-талап өсө баштады. Сайттын мобилдик версиясы иштелип чыгып, колдонуучуларга "Медиа-порталдан" ыр угуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

2012-жыл. 24-октябрь. Маалыматтын казаны кайнап, күч алган кезде "Соңку кабар" бөлүмү ишке кирип, алгачкы кабар жазылды. Бул бөлүмгө кыргыз жеринде жана чет жерде катталган актуалдуу, кызыктуу жаңылыктар жайгаштырылат. Журналисттерибиз өнөр ээлери менен спортчулар, коомдогу жана саясий чөйрөдөгү актуалдуу окуялар, үрөй учурган кылмыштар тууралуу жаңылыктарды жазып, сунушташат.

2014-жыл. 2-май. Акыркы жылдары кыргыз жеринде жаш режиссёрлор боор көтөрүп, тартылган тасмалардын саны арта баштады. Мындан улам SUPER.KG порталы "Кинозал" бөлүмүн ишке киргизип, кино сүйүүчүлөрүнүн күнү тууду. Жарык көргөн тасмалар порталга жүктөлүп, колдонуучулар үй кинотеатрына ээ болгондой эле болушту. Бул бөлүм үй кожойкелеринин, кары-жаштын ынак досуна айланды.

2014-жыл. 2-декабрь. Портал бир учурда сайтка киргендердин саны боюнча жеке рекордун жаңылап, 15 мүнөт ичинде сайтка 35 710 колдонуучу баш бакты.

2015-жыл, 2-апрель. “Соңку кабар” бөлүмүндөгү “Элдик кабар” рубрикасы борборго тиешелүү деңгээлде жаңылык жеткире албаган айыл элин, чет жерде жүргөн мекендештерибизди жана жалпы окурмандарына маалымат бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түздү. “Элдик кабар” учурда эл ичиндеги көйгөйлүү маселелерди район, облус жетекчилерине, өкмөткө жеткизүүгө шарт түзүп, буга катар мекендештердин алгылыктуу, үлгүлүү иштерин коомго көрсөтүүдө. Муну көз жаздымда калтырбай, порталыбыз ар ай сайын жеңүүчүнү аныктап, заманбап смартфон менен сыйлап келет.

Бүгүнкү күндө SUPER.KG порталы элдин үнүн бийликке, бийлик үнүн элге жеткирген көпүрө болуп калды. Колдонуучуларыбыздын саны 2014-жылы 40 миңден ашса, бүгүнкү күндө 76 миңден ашат. Бир айда сайтыбызга 32 миллиондон ашуун кароо болот. Бул профессионалдардан турган команданын гана эмес, кыргыз тилдүү элибиздин жетишкендиги деп эсептөөгө болот.

Биз сыймыктануу, мактануу менен сөз кылып келген туруктуу окурмандарыбыздын, өнөктөштөрдүн ишенимине ээ болдук. Биз жылына 365 күн, айына 30, аптасына 7 күн, суткасына 24 саат кызмат көрсөтүүнү улантабыз жана бул бийиктик биз үчүн чек эмес экенин белгилегибиз келет...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 19 
Комментарийлер(39)
23.06.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
10-куттуктоочу болдум!!ийгилик жана оомат!
23.06.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куттуктайм!Жалан гана жакшы позитивдуу кабарларды кутобуз.
23.06.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Портал куттуктаймын силерди, дагы да осуп онугкуло, мынданда жакшы жетишкендиктерге жеткиле, ийгиликтерди жана жеништерди каалаймын!
23.06.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ошол убакта биз УЧУН Чоооон жанылык болгон, рахмат силерге, а Менин катталганыма эмки жылы 10 жыл болот экен буюрса
23.06.2016. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
880909,ошончо убакыттан бери туболуктуу БАНга кирбединизби?)))
23.06.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
каталганыма 3жыл болду ото коп жанылык окууп озумо керектуу малыматарды алам отоо жакты силердин гезитинер атынарга жарашасынар СУПЕР инфо замандан арта калбайбыз силер бар
23.06.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жузго кир супер инфо
23.06.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
чын жүрөктөн КУТТУКТАЙМ!!!
23.06.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куттуктайм! Сонун майрам, сонун жыл! Быйыл коп ийгиликке жетишкиле!
Бийиктиктер силердики болсун!
23.06.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен 2008-жылдан баштап супер. кж окуганмын интернет аркылуу
23.06.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туулган кун кутболсун
Сайтынарга кут консун
Жааматынар жашарып
Жакшылыктар кооп болсун!
23.06.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын журоктон кутуктайм! SUPER.KG
23.06.2016. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суперстандагы смс жазунун аралыгы 45 секунд экен ошону алып эле койсонор жакшы болмок
23.06.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кут болсун!! Чынында сиздердин сайтынар эл үчүн орду бийик.. Ар дайым эл менен биргеликте боло бергиле
23.06.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талкуу жабык ))
23.06.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алгачкы жана узгултуксуз колдонуучуларданмын)))
Ишинерге ийгилик супер инфо!
23.06.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун 10 -жаш курагынар !
23.06.2016. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кут болсун сенин туулган кунун!
Куттуктап сени жаздым мен бугун!
Super.kg Алга.kg
23.06.2016. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз!Кызыл килем менен аябай чон бир концерт уюштурунуздарчы!
24.06.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм алгааааа
24.06.2016. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куттуктай
24.06.2016. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы да ишинерге терен ийгилик каалаймын супер инфо мезгилден артта калбаныз
24.06.2016. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз
24.06.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жузго чыксын жашынар,жабылбасын сайттынар.
24.06.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо куттуктайбыз
26.06.2016. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттууктайм))) Алгааааа
28.06.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын дилден куттуктайм!
29.06.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз! 10 жаш курагыныздар кутту болсун!
06.07.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alga SUPER.KG!
28.07.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм Супер Инфо!!!!! менин суйуктуу гезитим!!!!!!Чон концерт бериниздерчи
29.07.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм 10 жашыңар менен, сиздерге ийгилик жана ден-соолук.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: