Турдуназир Бекбоев Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министринин милдетин аткарат
Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев кызматынан бошотулуп, аталган министрликтин башчысынын милдетин аткарууга киришти. Бул министрлик Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жай министрлиги болуп өзгөртүлдү.
“Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу эске алынып, Жогорку Кеңештен тийиштүү жактыруу алынгыча Турдуназир Бекбоев Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министринин милдеттерин аткарат", - деп билдирет президенттик аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

