Ташкентте Алмазбек Атамбаевди Өзбекстандын премьер-министри тосуп алды (фото)



КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевди Ташкенттеги аэропорттон Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёев тосуп алды.


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-июнда иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин 23-24-июнь күндөрү өтчү 15-саммитине катышат. Саммиттин жыйынтыгында 11 документке кол коюлуп, өлкө башчылары аймактагы коопсуздук маселесин талкуулашмакчы.
Айта кетсек, Шанхай Кызматташтык Уюмуна Кыргыз Республикасы, Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
4

