Кадамжай районундагы чек арадан кыргыз жараны аткезчилик жүк менен кармалды
Кадамжай районунда кыргыз жараны аткезчилик жүк менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-июнь күнү "Айдаркен" чек ара отрядынын чек арачылары Өзбекстандан кыргыз жерине аткезчилик жүк өткөрүүгө аракет кылып жаткан кыргыз жаранын кармашкан. Анын жүк ташуучу унаасын текшерүү учурунда эч кандай документтери жок курулуш материалдары бар экени аныкталган. Учурда аткезчилик жүк жана кармалган жаран тиешелүү күч органдарына өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.