super.kg logo

Ак үйдүн алдында өзүнө өзү бензин чачып өрттөөгө аракет кылган адамды милиция кызматкерлери кармап кетишти

 

Ак үйдүн алдында өзүнө өзү бензин чачып өрттөөгө аракет кылган адамды милиция кызматкерлери кармап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, нааразы болгон Кемин районунун 1972-жылы туулган тургуну Б.М. Жогорку Кеңештин депутаты Абдыгапар Султановго нааразы болуп, өзүн өрттөөгө аракет жасаган.

"Бир колуна желим бөтөлкөгө куюлган бензинди кармап, экинчи колуна ширеңке алып, жанына эч кимди жолотпой, өрт коюуга аракет кылган. Жанында байкап турган адамдар колун кайрып, ширеңкени алууга аракет жасашкан. Мындай аракеттерге милиция кызматкерлери да аралашып, өзүнө өрт коюуга аракеттенген адамды кармап, милиция бөлүмүнө алып кетишкен", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Өзүн өрттөөгө аракет кылган тургундун жубайы Жогорку Кеңештин депутаты Султановдун жакын тууганына таандык кредиттик компанияда жетекчи болуп эмгектенген. Ишканада каржылык мыйзам бузуулар орун алып, Б.Мнын жубайына кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Нааразы болгон Б.Мнын айтымында, депутат тергөөгө кысым жасагандыктан ушундай жолгон барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.06.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аялы үчүн өлүмгө да даяр экен азамат.
24.06.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Таза тергоо болсо болду
24.06.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде акыйкат ,чындык деген жок!!!
Калыс суйлоп ,акыйкат чечим чыгарган сот жок!!!
25.06.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы камакта болсо эми куйоосун камап салбаса болду
04.07.2016. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде мыйзам карапайым адамдарга гана иштейт.акчалууларга суйлой алышпайтда.анткени алар коркутат жумушундан ажырап каласын деп.же болбосо акча берет ооз басырык кылып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: