super.kg logo

Жалал-Абадда түнкү саат экиде үйүнөн чыгып кеткен адам изделүүдө

 

Жалал-Абад облусунун Тайгараев айылынын тургуну изделүүдө. Ал түнкү саат экиде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"1979-жылы туулган иним Султан Чыбылаев 2016-жылдын 17-июнь күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча келген жок", - деп Улан Чыбылаев милицияга кайрылган.

"Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айыл аймагынын Маданов көчөсүнүн тургуну Султан Чыбылаев түнкү саат 02:00 чамасында сыртка чыгып, кайрылып келген эмес. Учурда издөө иштери уланууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө. Көзү кара, жүзү ак-сары, чачы кара түстө. Ак футболка, кара түстөгү чолок шым, кара түстөгү жеңил бут кийим кийип алган. Сол жак бетинде тырыгы бар.

Жалал-Абад ОИИБи көргөн-билгендерди "102" милиция кызматына же жакынкы милиция бөлүмүнө кабарлап коюуну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.06.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым колдоо көрсөтүп, табылып калсын эми. Эхх, апасы кантти экен.
24.06.2016. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тунку саат экиде эмнеге чыгып кеткенин жазышпаптыр да...ооруубу..кыздарга кеттиби, разборкагабы..же дагы башкагабы..анан ошого карап издеш керек го дейм
25.06.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озун асыра ,табылып калгысы бардыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: