Бишкекте куткаруучулар сууга чөккөн 3 кызды куткарып калышты

25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Пионер көлүндө чөгүп жаткан 3 жаш кызды куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя болжол менен саат 14:30да болгон. Ата-энелери менен сууга түшүүгө келген 8 жашар 1 кыз жана 9 жаштагы 2 кыз сууга чөгүп баштаган. Муну байкаган куткаруучулар аларды суудан жээкке алып чыгышкан. Аларды ата-энелери алаксып карабай калышканы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
1

Кырсык каш менен кабактын ортосунда.